Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

0
6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы «Жаштык аренада» күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

6-8-апрель — грек-рим күрөшү боюнча мелдештер;

8-10-апрель — кыз-келиндер күрөшү;

10-12-апрель — эркин күрөш боюнча таймаштар.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.