Бишкекте Лейлектин килемдеринин көргөзмөсү өткөрүлдү

0

Аталган иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, маданий мурастарыбызды сактоо, узчулук улуу өнөрдү аздектөө, кол өнөрчүлөрдүн эмгегин баалап, элдин, өзгөчө жаш муундардын кызыгуусун арттыруу, Лейлек килемдерин муундан муунга жеткирүү максатында коомдук жана мамлекеттик ишмер, Жогорку Кенештин депутаты Камила Талиева тарабынан демилгеленип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган.


Жарманке-фестивалга КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер жана студенттер катышты.

  
Демилгечи депутат Камила Талиеванын айтымында, килем токуунун түйшүгү өтө оор жана мээнетти талап кылаарын, өзү дагы бала кезинде килем токуунун түйшүгүн көргөнүн белгилеп, жарманкеде Лейлек районундагы 9-10 айыл өкмөтүнүн чеберлери 300гө жакын килемдерин алып келишкенин кошумчалады.
“Килем токуу, кол өнөрчүлүк – ата-бабаларыбыздан калган кешик, анын учугун улап, кылымдан кылымга үзбөй, кыз-келиндерге, кийинки уз-чеберлерге өткөрүп беришибиз керек. Лейлек килеминде аталардын батасы, энелердин тилеги, кыздын кыялы катылган. Бул килемдер жөнөкөй эле килем эмес, анын эн астында эрмен чөбү бар, ал – антиоксидант, жыты буркурап сакталыш үчүн арча кошулат, боегу кетпеген, 100 жылдык килемдерибиз бар. Азыркы күндө жакшы саамалык башталды, бала бакчаларга Лейлек килемин салгыла деген тапшырмалар берилди, бул эң жакшы, анткени ден-соолук үчүн мындай килем аябай пайдалуу жана органикалык таза буюм экенин баса белгилеп кетем.


Сөзүмдүн аягында айтаарым, элибиз эсен, чек арабыз бекем, Лейлек эли баатыр эл, улуу өнөрдү алып жүргөн улуу эл, дипломатиянын чордону Лейлек району экенин сыймыктануу менен айта алам, керемет элим бар болсун!” — деди Камила Талиева.
Эске салсак, аталган иш-чара 13-октябрга чейин уланат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.