Бишкекте маршруттук такси «Жол кире 15 сом» деп жазып алып каттамга чыга баштады

0

Бүгүн, 5-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги маршруттук каттамдардын биринин айдоочусу унаасынын сыртына «Жол кире 15 сом» деп жазып алып, каттап жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Сүрөттө көрүнгөндөй, №199 маршруттук каттамдын айдоочусу унаасынын сыртына «Жол кире 15 сом» деп жазып алган. Бул сүрөт учурда социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан талкууга алынууда.

Айрымдары «Өзүнчө баа коюп алгыдай булар ким?» деп нааразычылыгын билдиришкен.

Бул тууралуу Бишкек мэриясына байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.