Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын дагы бир комплекси аяктап, ачылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.
18 кабаттуу алты блоктон турган үйлөр «Ынтымак ордодон» алыс эмес жерде Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан.
Ачылыш аземинде айрым тургундарга үйлөрдүн ачкычы тапшырылды. Жапаров эртең Бишкектеги «Мурас» комплексинде дагы 600 батир ээсине тапшырыларын, 4-5 күн ичинде Жалал-Абадда ипотекалык үйлөр берилерин белгиледи.
Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында Бишкекте «Мурас» комплексинен 510, шаардын башка бөлүгүнөн 549 батир ээлерине тапшырылган.