Ленин райондук ички иштер бөлүмү мектептердин биринде мугалимди урушуп жаткан аял тартылган видео боюнча териштирүү жүргүздү.
Райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, териштирүүнүн жүрүшүндө видеодогу мугалим окуучулардын апасынын бири 9-октябрда мектепке келип, аны балдардын көзүнчө кемсинтип чыр чыгарганын айтып арызданган. Ага чара көрүүнү суранган.
Милициянын Коомдук коопсуздук кызматы жаранга чара көрүү үчүн Укук бузуулар кодексинин 102/1-беренеси (“Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү”) менен иш-материалдарды сотко жөнөткөнү белгилүү болду. Окуучунун апасы окуя тууралуу комментарий бере элек.
6-ноябрда социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.
Билим берүү жана илим министрлиги окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирип, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деп маалымат тараткан.
Андан кийин тарых сабагынан берген ал мугалим жумуштан кетип калганы белгилүү болгон. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева окутуучунун укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскертип, аны кайра ишке кайтаруу тапшырмасын бергени айтылган.
Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет.