Бирикменин төрагасы Илязбек Балташев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, көз карандысыз журналисттерди жана социалдык тармактарда маалымат таратууга катышкан блогерлерди союздун жаңы кеңсесине келүүгө чакырат.
«Журналисттердин тилектештигин чыңдоо, интернетте жана социалдык тармактарда эркин иштеген ЖМК менен блогерлердин ортосундагы ажырымды жоюу, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүн кылмыш куугунтугунан коргоо жана коом алдындагы жоопкерчилигибизди жогорулатуу максатында менин бардык кесиптештеримдин сунушун кабыл алууга даярмын», — деди Балташев.
Азыр Журналисттер союзунда 700дөн ашык журналист бар. Бирок Балташев өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн саны алда канча көп экенин белгилеп, журналисттер биримдиги маалымат таратуу үчүн өз блогун жүргүзгөн блогерлер менен көз карандысыз журналисттерди бириктирүүнү да пландап жатканын айтты.
Журналисттер союзунун жаңы кеңсеси төмөнкү даректе жайгашкан: Мукай Элебаев көчөсү 14/1, Төрөбай Кулатов көчөсү менен кесилишет.
Сурап билүү телефондору: +996505052252 Асель Жаныбекова