Бишкектеги 16 мектеп коронавируска байланыштуу жабылды

0

Бишкек шаарында 18-январдан тартып 16 мектеп жана бир бала бакча коронавируска байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы билдирди.

16 мектептин 13ү мамлекеттик, үчөө жеке менчик мектеп. Андан тышкары мамлекеттик мектептердеги тогуз класс жана жеке менчик мектептердеги он класс таратылды. Бул мектептердеги окуучулар эки жума онлайн окуйт.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 820 адамдан аныкталып, үч киши каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (600 адам).

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.