БШК шайлоо алдындагы үгүт иштери үчүн 244 ЖМКны каттады

0

Кыргызстандын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 244 массалык маалымат каражатын   жана интернет басылмаларды Жогорку Кеңештин шайлоосунун үгүт иштерин чагылдыруу үчүн каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымат жарыялады.

Алардын ичинен 152си массалык маалымат каражаттары.

92си-интернет басылмалар.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин шайлоосу өткөрүлөт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-октябрдан тартып башталат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.