“Бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу” Асел Кадырбекова ага коркутуулар болуп жатканын айтып чыкты

0

Ырчы Асел Кадырбекованы кимдир-бирөө коркутуп жатканын ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

“Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мени коркутуп жатышат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо, анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, анда журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат. Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан нерв болбош керектигин айтышкан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат”, – деп жазды ырчы.

Ал эми ырчыга байланышканыбызда, коркутуулар болуп жатканын тастыктап, бирок азырынча ал адам ким экенин айтпай турганын билдирди.

Буга чейин ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын эки ажырым жолго түшкөнү интернет желесине тараган. Мындай кептердин тарашына Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасындагы катталуучунун “ажырашып кеттиңиздерби?” деген суроосуна жазылган жообу себеп болгон.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.