Бюллетендер качан кол менен саналып бүтөт? БШКнын жообу

0

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап чыгуу үчүн эки-үч күн убакыт кетерин билдирди.

Расмий тараткан маалыматында кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөрү жазылган.

«Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан бардык нааразы тараптарды кол менен саноого катышууга чакырып жатабыз. Ал эми «БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат» деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча шайлоо комиссиясынын 31 000 мүчөсү бар. Алардын арасында сиздердин өкүлдөр дагы бар да. Анан элестетиңиздер, 31 000 адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири-бирибизден күмөн санабай эле коелу. Ар бир берилген добуш 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз», — деп кайрылды БШК.

Ошондой эле АСУ менен кол санактын жыйынтыгында анча көп айырма чыкпай турганы белгиленген. Себеби АСУ жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот. БШК билдиргендей, шайлоочулар койгон белги чарчыдан чыгып кетсе АСУ аны жараксыз деп чыгарат. Муну участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып «жарактуу» деп тапса тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар кол коюп берет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.