Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү

0

Саат 21:42ге карата 2 470 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы саналып бүттү. Бул элдин 99 пайызынын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт.

БШК парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 99,04 пайызын кол менен санап бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Бюллетендерди кол менен саноо 28-ноябрда башталган.

Саат 21:42ге карата 2 470 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматтары толук каралып бүттү.

Азырынча беш пайыздык чектен өтө алган партиялар:

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өткөн. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.