Чолпонкул Арабаев: “Тескери маалымат таркатып жаткан партиялардын өкүлдөрүн жоопко тартууга убакыт келди”

0

— Эл туруктуулукту каалап турат, бирок шайлоо чыры узакка созулчудай. Бул жолку шайлоо сизге кандай ой жаратты?

— Парламент депутаты – бул жогорку саясый кызмат. Аталган кызматты бизде акыркы мезгилдерде ким каалаган мүмкүнчүлүгүнө, илим-билимине, депутаттык түйшүктү, оор жүктү көтөрө алганына карабай эле мансап издеп бараткандар көбөйүп кетти. Шайлоо маданиятын дагы жакшы үйрөнө албай келебиз. ЖК депутаттарынын көтөрө турган жүгү оор. Ушундай кыйчалыш учурда тезирээк иштеп, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып, өлкө өсүп-өнүгүшү үчүн, Кыргызстандын экономикасы алдыга жылып, эрежелерди аныктай турган, талапка жооп берчү чечимдерди кабыл алуу шарт эле. Ошондуктан мамлекетте канчалык туруктуулук күчтүү болсо, сырттан же ичтен келе турган инвесторлор арбып, ишкерлердин иши жүрүшмөк.

Кыргызстандын жаңы тарыхындагы үч жолку толкундоо бекеринен чыккан эмес. Себеби, шайлоо адилет өтпөй, өздөрүнүн жакындарын, партиялаштарын, куда-сөөгүн, ага-тууганын, бала-бакырасын түртө берип, мекенчил, кыргыз мамлекети үчүн күйө тургандардын баары сыртта калып калган үчүн ж.б. дагы толгон-токой көйгөйлөрдүн эң негизгилеринин бири шайлоонун адилетсиз өткөндүгү болгон.

Бул жолкусунда “ошолордон сабак алалы” деп мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич эл, расмий өкүлдөр менен жолуккан жерде айтып жатты. Соңку отуз жылдык тарыхыбызда биринчи жолу Кыргызстандын активдерин, жергиликтүү бийликтин башчыларын кошуп алып, “бийлик эч качан кийлигишпейт, административдик ресурсту пайдаланбагыла, шайлоо таза, так, даана, укуктук мамлекеттин принциби менен жаңы Конституцияга ылайык өтсүн” деген пикирлерин айтты.

— Азыраак добуш алып калган айрым партиялар азыр тынчычудай эмес. Кандай жолдорду сунуштайсыз?

— Элдин шайлоодо күткөн үмүтү чоң. “Президенттик башкарууга өттүк” дегенибиз менен парламенттин дагы классикалык варианты толугу менен жаңы мыйзамда сакталып турат. Бизде кандай башкаруу болбосун, мыйзам менен аныкталат, эреже менен жүрөт. Ички-тышкы саясаттын баардыгы мыйзам аркылуу жүзөгө ашат. Ошондуктан бул жерде Жогорку Кеңеш канчалык тезирээк, канчалык ылдамыраак иштей турган болсо, кыргыз элинин эртеңине ошончолук жакшы болот. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, “биз ушундай партия элек, атактуу элек, кечээги жаңылар өтүп кетти” дегендердин дагы жүйөлүү себептери бар. Атактуу партиялар буга чейин кимдер болгон? Алардын идеологиясы кандай? Аларда мүчө болгондор бүгүн бул партияда, эртең башкада болуп, мандат алуу үчүн ошол партиянын мүчөсү болушканын элибиз жакшы билет. Кандай принципте, кантип депутат болуп келгенин ажыратып тааныйт. Эл ошондой депутаттарга аллергиясы кармап туруп, анан добуш бербей койду. “Кыргызстандын аксакал партиясыбыз” дегендер азыраак добуш алып калганы ошондон болушу керек.

“Эмне үчүн алар эле дайыма депутат боло бериши керек?” деген дагы эл арасында пикирлер бар. Кол менен саноо жана автоматтык саноо бирдей чыгып калса, жөн эле догурунуп, тескери маалыматтарды таркатып жаткан партиялардын өкүлдөрүн дагы жоопко тартууга туура келет. Бул жагынан тереңирээк ойлонуп көрүү зарыл. Ошондуктан тезирээк компромисске келип, тийиштүү чечимди кабыл алыш керек да.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Get real time updates directly on you device, subscribe now.