Чынара Мамажакыпова: “Эң биринчи кезекте мекен коргоочуларына шарт түзөлү”

0

Мекенчил кызыбыз Чынара Мамажакыпова мекен коргоочулар тууралуу пикирин жолдоду.
“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде демекчи мекенди коргогон, биздин коопсуздукту сактаган аскер адамдары, милиция кызматкерлери учурда көңүлдөн тыш калгандай. Жабыр тарткан карапайым элди ойлоп, болгон жардамыбызды берүүгө шашылуудабыз. Бирок мекен чегинде турган коргоочуларыбызды көңүл сыртында калтырбайлы. Алар бүгүн мекен чегинде бирок кандай күндү кечирип жатышат? Ыйык орозо күндөрү орозо туткандары бар. Курсактары токпу? Кийимдери бүтүнбү?
Бул жаңжалда да биздин мекенди коргоочулар биринчи окко учуп, жарадар болуп, жандарын курман чалып мекен чегинде турушту. Дайым ошондой. Дайыма турушат.
Биз эң биринчи кезекте мекен коргоочуларына көңүл бурушубуз керек.
Аларга баардык шартты, ыңгайлуулукту түзүп, ден-соолуктарына кам көрүп, тамак-аш менен жакшы камсыздап, мамлекет тарабынан жакшы пенсия- пособиелерди чегерип, укуктарын коргоп, биринчи көңүл борбору алар тарапка бура турган учурдабыз.
Алар үй-бүлөлөрүн калтырып коюп мекен чегинде турушат. Алардын үй-бүлөсү кантип жансактап, кандай күн кечирип жатат? Турак жай маселелери кандай? Булардын баарын тизмектеп алардын жашоо шартын жакшырталы!
Дайыма кайда оорчулук жаралып, башыбызга күн түшкөндө милицияларды, мекен коргоочуларын ойлойбуз. Бүгүн жаркыраган бейпил заманда эле канчалаган милиция кызматкерлери жабыр тартып, жандары кыйылып аянычтуу окуяларга дуушар болгон окуялар арбын.


Кечээ эле Кой-таш окуясында жарадар болгон Самат Курманкуловго бүгүн өкмөт кандай көңүл бурууда? Мындай учурда жабыр тарткан, жарадар болгон, каза болгон мекен коргоочуларды өмүр бою барктап, даңктап, алар үчүн кам көрөлү?
Кечээ жаңжалда канчалаган кырчындай азаматтар арабыздан кете берди. Мындай азаматтар үчүн мамлекет эмне иш жасайт?
Албетте аларды унутта калтырууга, аларды унутууга акысызбыз. Андыктан биринчи көңүл чордонун мекен коргоочуларга буралы элим!
Алар бар үчүн биз үйүбүздө, жылуу төшөгүбүздө уктап жатабыз.
Алар бар үчүн биз барбыз!”

Get real time updates directly on you device, subscribe now.