COVID-19: 4 бейтап каза болуп, 109 жаңы учур катталды

0

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 6-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан төрт киши каза тапты.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 554 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 109 адамдан табылды. Алардын көбү Бишкек шаарында катталган (36). Андан кийин Чүй (31) жана Ысык-Көл облустары (29) турат. Ошто катталган эмес, калган аймактарды вирусту жуктургандардын саны 1-5 кишиге чейин.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 582 кишиге жетти. Алардын 845и ооруканада жатат, дагы 1109 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 101 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 624 киши.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.