COVID-19. Балдарды вируска каршы эмдөө 2022-жылдан баштылышы мүмкүн

0

Балдарды вируска каршы эмдөө 2022-жылдан баштылышы мүмкүн. Бул тууралуу Иммунопрофилактика республикалык борборунан билдиришти.

Алардын айтымында, балдарды эмдөөөгө вакцина толук клиникалык сыноодон өткөндөн кийин гана уруксат берилиши мүмкүн.

«Биз бул суроону Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алдына койгонбуз. Клиникалык сыноолор аяктаса, эмки жылы көпчүлүк өлкөлөргө балдарды эмдөө сунушталышы мүмкүн», — дейт борбор.

Белгилей кетсек, учурда балдар арасында сасык-тумоо жана коронавирус күч алганы маалымдалууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.