COVID-19. Эмделгендердин саны 1 миллион 116 миң кишиге жетти

0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 555 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 44 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 511 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 116 миң 666 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 897 миң 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.