— Кызыл-Омпол кенин иштетүү боюнча маселе көтөрүлүп, түрдүү пикирлер айтылды эле. Бүгүн бул боюнча кандай иштер жүрүүдө? Адис катары ой бөлүшсөңүз?
— Жаз айларында Кызыл-Омполдо жайгашкан кендерди иштетүү боюнча маселелер көтөрүлүп жаткан. Бүгүнкү күндө жүзөгө ашууга жакындап барууда. Кызыл-Омпол кенинде “Таш-Булак”, “Баке”, “Оттук”, “Узун-Сай”, “Түндүк” участоктору бар. Эми ошол кендерди учурунда “ЮрАзия” деген компания алып, чалгындоо иштерин жүргүзүп, бир эле “Таш-Булак” деген участокто 1,6 миллион тонна руда түрүндө титаномагнетит, 3,6 миң тонна уран, 3,5 миң тонна торий, 10 миң тонна фосфор жана 34 миң тонна цирконий бар экени аныкталган. Мындан сырткары, “Түндүк”, “Баке”, “Узун-Сай”, “Оттук” деген участоктор боюнча да чалгындоо иштери толук жүргүзүлгөн эмес.
Ушул кендер боюнча пикиримди журналисттер чыгып сураганда айттым эле. Учурда бул иш-чара жүрүп жатканда, алдын ала жасала турган иштер жөнүндө пикиримди билдиргим келет. Биринчиден, “Таш-Булак” участогу Кубакынын белине чыгып бара жатканда оң жактагы жолдун астында жайгашкан. Эми ушул кендин участкасын иштете турган болсок, Кубакыга чыгып бара жаткан жолдун астына аз өлчөмдөгү корду калтырышыбыз керек. Ал жерде жогорку вольттогу линия өтөт, биз ал линияны ала албагандан кийин канча бир кен өлчөмүн ал жакка калтырышыбыз керек. Ал эми “Түндүк” участогу Көк-Мойнок айылынын үстүндө жайгашкан. Ал Барскоондон өтүп жаткан сууга да жакын болуп калат. “Баке” участогу Кубакынын белине түшүп бара жатканда Орто-Токой суу сактагычына да жакын жайгашкан. Ал эми “Узун-Сай” участогу Орто-Токой суу сактагычынын ичинде жайгашып, көлөмү Орто-Токой суу сактагычынын сыртына чыгып турат. “Оттук” участкасы болсо Ак-Өлөң айылынын түбүндө, ал жерден жаңы салынып жаткан темир жол дагы өтөт. Андыктан бул участокту иштетүүдө да маселе жаралары белгилүү. Беш участоктун бир жерде эмес, ар кайсы тарапта жайгашканы көйгөйлүү маселе экени айкын иш. Булар тууралуу бүгүн ойлонушубуз зарыл.
Экинчи жагдай – корлору коюлган көлөмдөр боюнча. Учурда Казакстанда урандын 600 миң тоннадан 900 миң тоннага чейин запасы бар экени айтылат. Бул эң чоң көлөм, ошого жараша жакшы стратегиялык план түзүп иштетсе болот. Ошондой иш-чараны Казакстан жүргүзүп жатат. Жылына 20 миң тоннадан кем эмес уранды казып, өндүрүп келишет.
Бизде болсо жалгыз эле “Таш-Булак” участкасы баланска коюлган. Болгону 3,6 миң тонна. Муну иштетүү көлөмү боюнча көйгөй жаратат. Ал эми биз титаномагнетитти иштете турган болсок, ал жерде 1,6 миллион тонна эле кору баланска коюлган. Дүйнөлүк практикада титаномагнетитти иштеткен комбинаттар ошол Россияда же Кытайда болобу, алар жылына 1 миллион тоннадан кем эмес руданы иштетип өндүрүшөт. Эгер биз титианомагнетитти иштетүүгө ашыксак, бир жарым жыл эле иштете турган кенге комбинат салуу канчалык экономикалык көз карашка туура келет? Бул маселе боюнча дагы фантазёр адистер бар. Ошолордун маалыматынын негизинде туура эмес сөздөр чыгууда. Учурунда Боронов биринчи вице-премьер-министр болуп турганда тапшырма берилип, ал жердеги радиациялык фон кандай экенин текшерүү үчүн атайын жумушчу топ жана адис-инспекторлор аспаптары менен изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.
— Жыйынтык кандай болгон?
— Агезде иштетиле элек кенден микрозиберт деген көрсөткүчтөр болуптур. 1 микрозиберт 100 микрорентген/саат дегенди билдирет. Ошол радиациялык фонду көтөрө турган учур 50 микрорентген/сааттан ашпаш керек. Ал жерде 100 микрорентген/сааттан ашкан жерлер да бар экен. Демек, а жерде иштеген адамдарга зыяны тийиши мүмкүн (!) деген маанини билдирет. Буга кандай көз карашта карашыбыз керек? Анүчүн сөзсүз түрдө тоо-кен адистери, медиктер, экологдор менен түзүлгөн топ чоң талкуу жүргүзүүсү зарыл. Биз Кызыл-Омполдогу кенди тартып келип, Кара-Балтадагы комбинаттан кайра иштете турган күндө дагы, а жерде сөзсүз түрдө кенден арткан калдыктар калат. Аларды калдык сактоочу жайга жайгаштырышыбыз керек. Башка жакта жайгашкан урандын калдыктарын тазалай албай жатып, Кара-Балтага кайра калдык жайгаштырсак, кийин көйгөй жаралбай койбойт.
Экинчиден, “атомдук электростанция курулушу керекпи же курулбашы керекпи?” деген маселени Казакстандын президенти өзү көтөрүп, “элдик талкууга коёлу, эл чечсин” деген. Биз дагы балким ушул маселени көтөрүшүбүз керек.
Башында айтылган маселелерди жыйынтыктасам, сөзсүз түрдө ал жерге медициналык жана экологиялык экспертиза зарыл. Ага биздин мекемелерге эмес, эл аралык мекемелерди тартып, иштетишибиз керек. Алар “иштете берсеңер болот” десе, анда баштаганыбыз оң. “Эгер жүзөгө ашырууда төмөндөгүдөй көйгөйлөр жаралышы ыктымал десе” биз ошого эмитеден камынышыбыз зарыл. А эгер “иштеткенге болбойт” десе, түшүнүү менен кабыл алганыбыз оң.
Жай айларында Миң-Куштагы Туюк-Суу деген жердеги калдыктарга рекультивация иштери жүрүп жатканда, калдыктарды ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа эки жолу кулап кырсыкка кабылып, оор жагдай жаралуу коркунучуна тушуктук. Мындай абалдардын келечекте да жаралуу коркунучун, кошуна өлкөлөргө зыяныбызды тийгизип албоо маселесин да бүгүн ойлонушубуз керек. Кесипкөй адистер бизде арбын, ошолор менен ой-пикир бөлүшүп, туура чечим кабыл алалы. “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” деген кеп бар, бүгүнкү жасалып жаткан жакшы иштерди айрым көйгөйлөр бир заматта жууп коюшу толук ыктымал. Ошону дал бүгүн ойлонуп чечишибиз керек.