Дөөлөт Сыдыков 100 сааттан ашык “Манас” айтты

0

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арнап, Москва шаарында «Манас» айтып жатканына 5 күн болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин социалдык баракчасына жарыяланган.

“Бешинчи түн кетти. 100 сааттан ашты. 6-сентябрда саат 12:00гө жакын Дөөлөт Сыдыков “Манас” айтып бүтөт”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, манасчы эпосту 5 күн, 5 түн айтып Гиннестер китебинде жаңы рекордду коюну пландаган.Талапка ылайык, манасчыга бир сутканын ичинде эки саатка гана тыныгуу берилет. Сыдыков 31-августта саат 14:00дө эпосту айтууну баштаган. Ал биринчи күнү 24 саат токтоосуз манас айтты жана узакка манас айтуу менен жеке рекордун койду.Иш-чара Россиядагы Кыргызстандагы элчилигинде өтүп жатат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.