Депутаттар чек арада жабыркагандарга 25 миң сомдон берет

0

Жогорку Кеңештин депутаттары 28-30-апрелде Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан жарандарга жардам катары ар бири 25 миң сомдон берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 7-майга карата Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.

28-30-апрель күндөрү Баткендин Тажикстан менен чектешкен жеринде «Головной» башкы суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап чыр чыгарып, жаңжал куралдуу кагылышка чейин жеткен. Эртеси күнү тажик аскерлери ок чыгарып, жай тургундарга карата оор согуштук техникаларды колдонуп, үйлөрүн өрттөгөн.

Бул кол салууда 190 кыргыз жараны жабыркап, 36 адам каза болду, арасында балдар да бар. 40 миңден ашык жаран көчүүгө аргасыз болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.