ЕАЭБ жыйынында бир нече документтерге кол коюлуп, кабыл алынды

0

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Минск
шаарындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар
документтерге кол коюлуп, кабыл алынды. Бул тууралуу
президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарада төмөнкүдөй документтерге кол
коюлуп, кабыл алынды:
— “Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүнүн
ортосунда иш чөйрөлөрү боюнча милдеттерди бөлүштүрүү
механизми жөнүндө” чечим;
— “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги
жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго
кол коюу жөнүндө” протокол («IV Чоң» протокол);
— “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин
Транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын
жетекчилеринин кеңеши жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө” чечим;
— “Табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуунун
бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун
(2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги
жөнүндө келишимге № 20 тиркеме) 2-пунктунун 5-пунктчасына
ылайык маалымат берүү жөнүндө” тескеме;
— “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер тарабынан
2023-2024-жылдары Кызмат көрсөтүүлөр, мекемелер жана
ишмердүүлүк менен сооданы жөнгө салуу эрежелеринде каралган
жоболордун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө” чечим;
— “Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызмат көрсөтүүнүн
айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке
ашыруу жөнүндө” тескеме.
— “ЕАЭБ алкагында спорт жаатындагы экономикалык
кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндө” чечим;
— “Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүнүн
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” чечим:

Get real time updates directly on you device, subscribe now.