ОСАГО полисин албагандарга эки жумадан кийин айып салына баштай турганын Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти.
Уюм 1-июлдан тарта айдоочунун аталган полиси текшериле баштаарын билдирип, жокторго 3 миң сомдон айып салынарын айтты. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.
ОСАГО — ири чыгымдан коргой турган полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.