Эпидемиологдор дүйнөдө COVID-19 илдети 2021-жылы токтобой турганын билдиришүүдө

0

«COVID-19 илдети 2021-жылы дүйнө боюнча токтобойт, бирок жай мезгилинде оорунун олуттуу төмөндөшү мүмкүн. Анткени коронавирус мезгилдүү мүнөзгө ээ», — деген орус эпидемиологунун билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Пандемия, албетте, эртеби-кечпи токтойт, бирок менин оюмча, бул жылы эмес, бирок анын токтой турганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялаган. Бирок коронавирус сезондук мүнөзгө ээ, буга көптөгөн далилдер бар. Буга өткөн жайда, Орусияда жана башка өлкөлөрдө оорулар аз болгон учурлар күбө. Быйыл дагы ошондой болушу мүмкүн», — деп билдирген ал.
Ал белгилегендей, дүйнөдө коронавирус менен ооруган адамдардын саны көбөйүп жатканы менен, Европа өлкөлөрүндө оорунун азайганы байкалбайт, мындан тышкары, Африкада жана бир катар Азия өлкөлөрүндө, тестирлөөнүн көрсөткүчү төмөн болгон кырдаал белгисиз бойдон калууда.
Супер кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.