Эртеңден баштап аба ырайы кескин өзгөрөт

0

Эртеңден баштап Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү тактап айтканда, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда туман түшүшү мүмкүн. 23-январь күнү күндүз жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул күндөрү зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыгууну, тоодо эс алууну токтото турууну жана сууктан сактанууну ӨКМ эскертет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.