“Манастын уулу Семетей” тасмасын тартуу Чуңкурчак жайлоосунда башталды. Бул тууралуу ырчы Гүлсүн Бостонкулова социалдык баракчасына маалымдаган
“Манастын уулу Семетей» киносуна съёмка башталды, буйруса.Баарыбызга ийгилик!,-деп жазды ырчы.
Азырынча ырчы күйөрмандарына кайсы каармандын ролун аткара турганын маалымдаган жок.
Тасмага белгилүү актер, актрисаларТемирлан Сманбеков, Эшенкул Барпиев, Альбина Имашова, Калича Сейдалиева жана башкалар тартылууда. Фильмдин продюсери-Өмүрзак Төлөбеков.