Гүлзат Алиеванын соту башталат

0

Диний кастыкты козуткан деген шек менен үй камагына алынган окутуучу Гүлзат Аалиеванын соту 16-сентябрда Биринчи май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу Аалиева өзү маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин үч жолу сот жылдырылган. 16-сентябрда соттук материалдар менен таанышуу болушу мүмкүн.

Гүлзат Аалиева 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылып, ошол жерден кармалган. Райондук милиция ал Жазык кодексинин 313-беренеси, «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча шек саналып кармалганын билдирген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-апрелде Аалиеваны үй камагына чыгарган.

Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын «социалдык тармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат» деген арызынын негизинде суракка чакырылган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.