Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын токтотту

0

Кечээ, 23-ноябрда Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Бишкек шаарындагы №1 абакка камакка алынган Алымкулова Гүлзатка (Гүлзат Мамытбек) барды.

Акыйкатчы аппараты билдиргендей, Гүлзат Мамытбек буга чейин президентке жана мамлекеттик органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ал нааразылык иретинде 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган.

Сүйлөшүү учурунда СИЗО-1 мекемесинин башчысы каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн айтып, чыгыш документтердин көчүрмөлөрүн көргөздү.

Гүлзат Алымкулова акыйкатчынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлер ага күн сайын «В», «С» витаминдери менен глюкоза тамчылатып жатканын, мамлекеттик органдарга жазган каттар (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана абактын администрациясына эч кандай даттануулар жок экенин билдирди.

Г.Алымкулова кечээ, 23-ноябрдан тартып ачкачылыгын расмий токтотту.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.