Германияда Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

0

Германияда Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ачылыш салтанатка Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев жана элчиликтин кызматкерлери, Германиядагы кыргыз диаспорасынын, Кыргыз-немис маданий коомунун өкүлдөрү катышты.

Элчи Эрлан Абдылдаев иш-чарага катышкандарды эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргыз-немис маданий коомунун айрым өкүлдөрүнө жана кыргыз-немис кызматташуусуна салым кошкон башка жарандарга элчиликтин Ардак грамотасын, Ыраазычылык катын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эгемен Кыргызстандын түптөлүү тарыхын баяндаган даректүү тасма көрсөтүлдү.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.