Грузияда кармалган Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады

0

Грузиянын мурдагы президенти жана Украинанын реформалар боюнча улуттук кеңешинин аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили мекенинде кармалгандан кийин ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Рустави колониясындагы саясатчыга жолуккан Грузиянын акыйкатчысы Нино Ломжария билдирди, деп жазат «Рустави 2».

«Саакашвили ачкачылык жарыялаганын билдирди жана Украинанын жараны катары Украинанын консулу менен жолугушууну суранды», — деди ал.

Ломжария белгилегендей, алардын сүйлөшүүсүнүн алдында саясатчы дарыгерлердин кароосунан өткөн. Анын айтымында, Саакашвили кармоо учурунда каршылык көрсөтпөгөнүн, ошондуктан ага каршы эч кандай күч колдонулбаганын айткан.

Мурунку президент 1-октябрда кармалган. Ал мекенине 8 жылдан кийин биринчи жолу — муниципалдык шайлоонун алдында кайтып келди. Саясатчы камакка алынганга чейин грузиндерди добуш берүүгө барууга үндөгөн видео жаздырууга жетишкен.

Буга чейин Грузияда Саакашвилиге каршы 4 кылмыш иши козголгон жана экөөө боюнча саясатчы сыртынан күнөөлүү деп табылган. Кармалгандан кийин ага каршы бешинчи кылмыш иши — чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча козголгон. Ал өлкөгө мыйзамсыз киргенин Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Саакашвилинин кармалышына байланыштуу Грузиянын элчисин чакыртты. Украина президентинин пресс-катчысы Сергей Никифоров Киев окуяларга көз салып турганын, Зеленский тынчсызданып жатканын белгиледи.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.