ИИМ Нарматова «кастыкты козутууга» айыпталып кармалганын билдирди

0

Ички иштер министрлиги активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча расмий маалымат таратты. Ага ылайык, Нарматова Кылмыш кодексинин 313-беренеси 1-бөлүмү ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айыпталууда.

1-бөлүмдө «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса», — деп жазылып турат.

Мекеме активист Москва шаарындагы “Мен макул эмесмин” жана “Менин укугум бар» аттуу коомдук кыймылдардын лидери жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү катары Орусияда чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүп келгенин белгилейт.

«Нарматова иш-чараларда дайыма Кыргызстандын жарандарынын жана чет жактагы мигранттардын арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине карата негизсиз сындарды айтып келет. Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу жана тескери пикир жаратуу аракети жүрүп турат. Анын аракеттеринде аймактык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктар жана шарттарды жаратуу үчүн тескери коомдук маанайды түзүүнүн белгилери бар», — деп жазылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Активист Орозайым Нурматованы бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкенин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу «Азаттыкка» кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.