Ислам Кызматташтык Уюму: Кыргызстандагы шайлоо жараяны жогорку деңгээлде өттү

0

Кыргызстандагы шайлоо жараяны жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу брифингде Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) байкоочулар миссиясынын башчы катчысы Адамо Баубокар билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдөгү шайлоо процесси өз нугунда өттү десе болот.

«Январдагы шайлоолордон кийин системаны жакшыртуулар болду. Айрым даттануулар катталды, бирок алардын баары жеринде чечилди. Шайлоо участоктору толугу менен жабдылган жана шайлоону өткөрүүнүн тиешелүү заманбап талаптарына жооп берет», — деди ал.

Ошондой эле ал жыйынтыгында аялдардын шайлоого жогорку катышуусун белгиледи.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.