Изумрутхан Токсонбаева: «Менин төлгө ташым жашоо жакшы жакка бурулаарын айтып жатат»  

0

Экстрасенс Изумрутхан Токсонбаева менен мурда да эки-үч ирет маек курдук. Бир маегибизде «Кытай тараптан апаат келет, сак бололу» деди. Бул маек гезитке чыккандан кийин түрдүү пикирлер айтылып, ИИМдин 10-бөлүмүнө да алып барып «кытай тамашабы, эмне апаат, кандай кол салуу?» деп суракка алышканы эсимде. Бирок арадан жарым жылдай убакыт өтпөй кытайдан ковид апааты келип, канчалаган кыргыздын мыкты уул кыздарыбыздан ажырап калдык…

Алигүнчө запкысын тартып келебиз. Эми алдыбызда чоң сыноо турат. Шайлоо, шайлоонун эртеси кандай болоруна кызыккандар арбын. Шайлоонун эртеңи тууралуу Изумрутхан айымга суроо узаттык.

-Саналуу күндөрдөн соң парламенттик шайлоо өткөнү турат. Өткөн жылкы шайлоодон кийин элдин жүрөгү үшүп калгандай. Бул шайлоо тынч өтөбү? Президентибиз Садыр Жапаров тууралуу төлгө ташыңыз кандай сүйлөп жатат?

— Менин төлгө ташым жакшылыктар тууралуу гана айтып жатат. 28-ноябрда өтө турган шайлоо тынч, элдин купулуна толо турган шайлоо болот. Өткөн 6-чакырылышка салыштырмалуу, курч, эл үчүн иштей турган, адилеттикти сүйлөгөн адамдар көп келет.

Садыр Жапаров болгон күчү менен аябай жакшы иштеп берет. Мөөнөтүн аяктайт. Биз көптөн бери күткөн, жашообузду жакшы жашоого бура турган президент Садыр Жапаров экенин төлгө таштар айтып жатат. Баары жакшы болот. Алдыда көп жакшы иштер ишке ашаары, жол ачылаары айтылууда.

Садыр Жапаров өзүнүн ак жүрөгү, ак мээнети менен эл үчүн иштегенге аракет кылып жатат. Ошол аракети буюрса берекеси менен болот.

Булак: Азия News гезити

Get real time updates directly on you device, subscribe now.