Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

0

Бүгүн 8-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алгач грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.

Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагылар күч сынашат.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда бекитилет.

Башталышы 11:00дө, ал эми чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи саат 17:00дө өтөт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.