Күйүүчү май рыногунда жагдай кыйындап баратат

0

Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда кыйын жагдай түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлап чыкты.

Ассоциациянын эсеби боюнча күйүүчү майдын баасын мындан ары кармап туруу өлкө боюнча АЗСтердин ишинин токтотушуна алып келет.

Октябрь айынын башынан бери Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда анын баасы кескин түрдө жогорулады. 2021-жылдын сентябрь айына салыштырганда мунайдын баасы тоннасына 100 долларга чейин кымбаттады.

Октябрь айында баанын кымбатташынан улам республиканын аймагындагы 40тан ашык АЗС убактылуу ишин токтотту.

Ассоциация күйүүчү майдын баасын мындан ары дагы кармап туруу республика боюнча АЗСтердин ишинин токтотушуна алып келет деп эсептейт.

Мындан улам  мунайчылар 1-ноябрдан 31-декабрга чейин күйүүчү майдын акциз салыгын азайтууну, кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотууну сурашты.

Антпегенде республикада АЗСтер жабылат же болбосо күйүүчү майдын баасы жыл соңуна чейин 8,9 сомго жогорулашы керек болот.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.