Көчөдө калган селсаяк элем, бүгүн сүйүктүү эне, чоң-эне, тайенеге айландым…

0

Көчөдө калган селсаяк элем, бүгүн сүйүктүү эне, чоң-эне, тайенеге айландым…

(Мен өзүмдү жоготтум көрдүңөрбү?)

Таң атканын бетиме күн тийгенде сездим. Башымды көтөрсөм зыңкылдайт,  эптеп туруп бөтөлкөдө  турган сууну алып аптыгып ичип жаттым. Кэчээ  кимдер менен ичтим эмне болду бир сыйра эстеп алдым. Мага окшогон селсаяк алкаштар болуп бөтөлкө чогулттук, түшкөн акчага арзан арак ,нан , балык алдык да кечке ичкенбиз кызып калганда урушуп мушташтык эмне талаштык билбейм. Суусунум канбай бөтөлкөдөгү сууну коңторуп ичип жатсам ,бир жаш кыз кирип келе жатат. Көзүмө  жылуу учурады, ал да булганып албайын деп самсаалаган одеялды акырын ачып кирди. Көздөрүбүз тигиле түштү, мен тааныдым бул менин кызым , бирок сыр билгизбей туруп калдым. Сырга деген аял керек эле тааныбайсызбы ?-деди. Мен үн жок баш ийкедим. Ал менин апам эгер көрүп  калсаңыз муну берип койуңузчу деп кичинекей кагазга телефондун номери жазылган экен ошону сунду. Кагаздын четинде апа биз сизди күтүп  жүрөбүз -деп жазылуу экен. Ичкен суум кайда кетти билбейм калтырак басып отура кеттим. Мен да балдарыма керек экенмин да -деп көзүмө жаш алып өткөн  күндөрүмдү эске салып отурдум. Улам улам колумдагы кагазды карап койом. Ата энесиз өстүм улуу агам апкелип окууга өткөзүп  кетти. Чүйлүк бала менен сүйлөшүп ага турмушка чыкмай болдум, бирок апасы ар дайым каршы болуп мени жактырбай койду. Жолдошум жалгыз бала болгондуктан болбой эле үйлөндүк. Ошол күндөн тарта 4 балалуу болгуча күн көрсөтпөдү. Жасаган ишим, тамагым, мамилем эч нерсем жакпай кынтык таба берди. «Чыдап жаша жолдошуң жакшы бала, балдарың чоңойуп калса сүйлөбөй калат» дешти. Күйөөм да же мага же апасына тарта албай ортодо чайналып кетти. Ажырашып кеттейин десем 4 бала менен ким батырат ?. Ошентип жашай бердим. Бир күнү кырсык басып жолдошум машинасы менен  авария болуп каза болуп калды. Ыйлап сыктап узатып аяк башыбызды жыйнап алганча эле кайненем мурункудан бетер заардуу болуп алды. Бет келген жерден эле мени күнөөлөп калат.

Урушуп отурбай иштеп кетейин деп бир ашканага идиш жуугуч болуп алдым, кийин ашпозчулука өтүп кеттим. Кайненем менен кармашпай эрте кетип кеч келип жатып калам. Үй тиричиликти балдар кылганга жарап калышты. Колума акча кармап балдарга жакшы кийим алып берип, үйгө да тамак-аш кенен болуп калды.  Бирок кайненеме дагы деле жакпадым. Бүгүн да урушуп жумушка көңүлүм жок келдим. Жумуштагы кыздар менен сүйлөшүп иштеп жатып унутуп да калдым. Кечинде Бурул эженин туулган күнү экен, официант кыздар болуп акча чогултуп бир торт кесип шампанский аттырып ,белегин бердик. Эл көп болгонго баарыбыз тең иштеп жаттык. Эже экөөбүз улам бир заказ кетирип койуп шампанскийден ууртап койуп иштей бердик. Жетпей калды окшойт эже бир шише арак ала келиптир ошону ачты. Аны да жумуш аяктаганча бүтүрүптүрбүз, ичимдеги ызамды болгон бугумду чыгарып эжеге айтып ыйлап алдым.

Көңүлүм ачылып ичимдеги бук болуп өйүп жургөн нерселерим баары жок болуп кеткенсиди. Бурул эже экөөбүз күндө бирди алып жумуш бүткүчө ичкенди адатка айлантып алдык. Мен болсо бат эле арака бериле баштадым, үйгө да жыттанып мас абалда келип, кайненемдин чырагына май тама баштады. Балдарыма да жаман көрсөтүп мени жамандай берди. Аял кишинин ичип кеткени курусун токтото албай калат экенсиң. Мен болсо ичиме бир нерсе кирсе болду баары бир болуп калат. Кайнененин сөзүн тоготпой да калдым. Эрте кетем кеч шаңдуу келем, акча да тамак-аш да жок береке качты. Көрсө ошол кезде стресске кабылган кезим экен. Жолдошум каза болуп төрт бала менен жаш калып жатсам, кайненем жөлөк  боло турган жерде элего, кайра мени басмырлап жарамды улам жңыртып тырмап турбай. Ошол кезде мага шайтан дос болуп арак менен алдап ак жолуман адаштырган экен. Бул да жашоонун катаал мыйзамы ,сыноосу болгон тура. Ошентип жүрүп жумуштан да катуу эскертүү ала баштадым акыры жумуштан айдалдым. Үйгө барганда эмне?-баягы эле мени ким жакшы көрмөк эле деп, көчө селсаяктарына кошулуп мен да селсаяк болуп кеттим. Пакет,бөтөлкө,каропка терип өткөрүп акчасына арак, нан, жей турган нерсеге жетсе алып келип бир жерге чогулмай. Ичкенден кийин уруш мушташ менен бүтөт. Ичкен кишиге баары бир тура балдарды эстеп койом бирок кантип барам деп баш тартып жүрө бердим. Балдарым «жүрүңүз үйгө» деп бир эки жолу келип кетишти, жок деп эле барбай койдум. Мен эч кимге керегим жок деп эле чектөө койуп алдым. Кийин барсам балдарым киргизеби? кайненемдин заар тилин эстеп баргым келген жок. Арадан далай жай, жаз, күз, кыш өтүптүр аттиң арман. 12 жылды тентип жүрүп өткөрүптүрмүн. Балдарымдын мектепти бүтүргөнүн көрбөй, окууга өтсө кубанбай деп арман кылып келем. Балага баары бир ,,эне»керек тура ,мени издеп жүрүшүптүр. Кайненем өлөрүндө «энеңердин ушу жолго түшүп кеткенине мен күнөөлүмүн, мени кечиргиле апаңарды таап апкелип кор кылбай  багып алгыла» деген экен. Улуу кызым өзү деле ар кимден сураштырып жүрчү экен. Бүгүн болсо минтип жолугуп, мен сенин апаңмын деп айта албай кала бердим. Барып эмне дейм?-мен келдим дейм би? Кичинебизде кайда жүрдүңүз десе эмне дейм деп ойум онго бөлүнүп отурдум. Ошентип баягы номер жазылган кагазды жоготуп албайын деп бекем бир жерге катып койдум. Бирок чалганга эч бир эрким жетпей турду. Ошентип жатып арадан бир жума өттү өзүмдү бир аз оңдоп түзөмүш болдум , балким келип калабы деген үмүт жетелеп бети башымды жууп кийимдеримди булганбаганына аракет кылып жаттым. Бир күнү четтеги дүкөнгө кирип каропка сурайын десем ичинде дүкөнчүсү жок экен, кичине туруп чыгып кеттим. Артыман эле токтотуп кыйкырып калды ,карасам жаш эле келин өткөндө сен киргенде акчам жоголду деп куру доомат койду. Мен бул жерге биринчи жолу келдим десем мени укчу киши жок. Ананчы салбырап турсам ким сүйлөшкүсү  келсин. Чоң ууруну кармагансып милиция чакырып колума кишен салып алып кетишти. Алпарып аты жөнүмдү тактап үйү жок селсаяк экенимди билип мойнума албаган эле акчаны илип салышты. Жалынсам да укчу киши жок, мен шордуунун шору катуу экен да дедим. Эми балдарыма жолугам деп турганда бирөөнүн  дооматы менен эле соттолуп кеткени жатам. Менин жактоочум жаш эле кыз экен, эже урук-тууганыңызды , балдарыңыздын аты жөнүн бериңиз мен таап кабарлашайын деди. Ушунча жыл жоголуп эми ууру болуп милицияга түшүп табылсам балдарым жер карап калат ко дейм. Соттолуп кетсем да көрүшүп калайын деп баягы кагазды тиги жактоочу кызга бердим.Ал ошол эле жерден телефон чалып кызым менен сүйлөштү мага берсе ,,апа»-десе сөз айта албай калчылдап ыйлап жаттым.

Бир заматта 3 балам тең келип калышыптыр ,кичүүсү Турцияда окуйт экен. Эне балдар кучакташып көрүшүп ,бир сыйра ыйлап алышты. Кызым дүкөнчү менен сүлөшүп уурдалбаган эле акчасын беришип,арызын алдыртып мени чыгарып кетишти. 12жыл кандай азаптуу күндөрдү кечирдим, үйгө  келсем кийим кече алып, дасторконду жайнатып күтүп отурушуптур. Жуунуп тазаланып жаңы кийим кийип дасторкондун төрүндө отуруп калдым. Балдарым тегеректеп «андан алыңыз мындан алыңыз» деп отурушат. Мен күнөөлүдөй болуп батына албай отурдум. Садагаң болойун жандарым , мени кечиргиле мен аябай начар адам экенмин ,мен алсыз экенмин,турмуштун сыноосун көтөрө албай тентимиш болуп кеттим-деп жарылып бир ыйлап алдым. Балдарым да кошо ыйлап апа баары жакшы болот, сиз табылдыңыз ,  биз тирүү жетим болуп жүрөнбүз деп тегеректешет. Ошентип балдарым менен жыргап калдым. Бирок шайтан алгыр арак этектеп турат. Ичкиликке көнө түшкөн жаным сеп этип жүрдүм балдарга билгизбей. Кызым билип эле жүргөн экен доктурга да алпарды жардам бере албады. Акырында кичүү балам менен 40 күндүк даватка чыгып кеттим. Эч бир исламдан сабатым жок эле көп нерсени үйрөндүм, мен жүрөгүмөн  ыйманга орун бердим. Багымдатты калтырбай окуп калдым, өзүмө өзүм тарбия бере баштадым. Ичкилик менен биротоло коштоштум ички дүйнөм тазарды. Азыр мен үлгүлүү чоң эне, тайэне, кайнене, балдарымдын сүйүктүү апасымын. Кудайга миң мерттебе шүгүр кылам, селсаяк болуп  жүрүп бир жерде өлүп  калсам , аты жөнүм билинбей номер менен  көмүлүп  калбай, үйүмө  келишиме себеп болгон кудайга шүгүр кылам. Шүгүр кылам ,,апа»-деген статусумду бийик көтөрүп кеткениме -деп жүзүнөн  нур төгүлөн  эженин айтып бергенин жазып алдым. Баары жакшы болсун бул кыска өмүрүбүздө окурманым.

Саламат 2021 2-август Москва шаары

Get real time updates directly on you device, subscribe now.