К.Ташиевдин демилгеси менен Сокулук районунун “ВОССТ-2” конушунда жаңы мектептин, бала бакчанын жана сейил багынын курулушуна капсула салынды

0

К.Ташиевдин демилгеси жана жеке көзөмөлүнүн алкагында Сокулук районунун “ВОССТ-2” конушунда жаңы мектептин, бала бакчанын жана сейил  багынын курулушуна капсула салынды.

Бүгүн, 2025-жылдын 30-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин демилгесинин негизинде, Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагындагы “ВОССТ-2” конушунда жаңы 750 орундуу заманбап мектептин, 120 орундуу бала бакчанын жана сейил багынын курулушуна КР УКМК төрагасынын орун басары генерал-майор К.Авазов капсула салды.

Билим берүү тармагы — коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги тиреги болуп, билимдүү жана тарбиялуу муун гана мамлекетти бекемдеп, сактап, кийинки муунга өткөрүп бере ала тургандыгын  генерал-полковник К.Ташиев белгилеп келет.

Буга байланыштуу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында жана көзөмөлү астында өлкөбүздө социалдык муктаждыктарды камсыздоо, жаш муундарга билим берүү үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында Чүй облусундагы мектептер менен бала бакчалардын, социалдык объектилердин курулушу өзгөчө орунда турат.

Жогоруда белгилегендей, курула турган социалдык объектилер эл аралык билим берүү стандарттарына толук жооп берет. Алар мектеп окуучуларынын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык керектүү шарттар менен жабдылат. Ал эми бала бакча балдардын коопсуздугу, эс алуусу жана өнүгүүсү үчүн уктоочу жана оюн зоок бөлмөлөрү, музыкалык залдар жана медициналык бөлмөлөр менен камсыз болот. Аймакта заманбап оюн аянтчалары орнотулуп, коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Негизги максат —келечек муунду бактылуу балалык жана татыктуу билим менен камсыз кылуу, аларды мамлекетке пайда алып келчү инсан катары тарбиялоо болуп саналат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.