Кандай түштөр бактылуу күндөрдөн кабар берерин билесизби?

0

Түштөрдү көп адамдар эртең менен турганда унутуп калат, адам кээде кооз, таңкалычтуу же тескерисинче коркунучтуу түштөрдү көрөт. Окумуштуулардын пикиринде түштөр – бул мээ ушундай бир өзгөчөлүк менен кабыл алган адамдын башынан өткөн окуялар. Ошентсе да адамзаттын эмне үчүн түш көрө турганы тууралуу бир дагы тастыкталган илимий далил жок. Түш мурдагыдай эле адамдын аң-сезиминен тышкары турган уникалдуу көрүнүш, аян белги бойдон калып келет. Дүйнө элинин көбүндө адамдын бактылуу боло турганын билдирери боюнча божомолдор бар. Төмөндө аларга токтолмокчубуз.

 Тоолор

Түшүндө тоолорду же кайсы бир чокуну, бийиктикти көрүү – сиз кыйынчылыктардын баарын жеңип чыгып, ийгиликке жетише турганыңызды билдирет экен. Эгерде сиз түшүңүздө бийик белеске чыксаңыз, анда сиздин жашооңуздагы жагымдуу окуя жакынкы күндөрдө болот. Эгерде тоонун чокусунан сизге күндүн нуру тийип турса, бул адамга бериле турган мурасты, жогорку кызматка дайындалышын же байлыкка ээ болушун билдирет деп жорулат. Түшүндө тоону көргөн адамдын зоболосу менен кадыр-баркы көтөрүлөт.

Гүлдөгөн бакча

Түшүңүздө гүлдөгөн бакчаны көрүү – бакыт менен ийгиликке жетериңиздин белгиси. Каржылык жагдайдын кеңейишин дарактардын мөмөлөп турганы билдирет. Тигилген дарактарды аралап басып жүрсөңүз, үйүңүзгө кубанычтуу кабар келет же жакында балалуу болуунун кабарын берет. Эгерде гүлдөгөн бакчанын соңунда кооз үйдү көрсөңүз, чатактар чечилип, үй-бүлөлүк бакыт келет. Бал Түштө бал жеген адам алдыда көп жылдар бою бактылуу болот деп жорушат экен. Уюктагы балды көрсөңүз, үй-бүлөлүк бакыт болуп, бойдок болсоңуз сизге жаккан адам сүйүүсүн билдирип же никелешүүгө колуңузду сурайт.

Дарыя

Таза, тунук агып жаткан дарыяны көрсөңүз, өмүрүңүз узун болуп, атпай журтка кадыры бийик адам болот деп жорулат экен. Деңиз, көл Толкубай тынч турган деңизди же көлдү көрсөңүз, ийгилик катары жорулат. Жүрөгүңүз жакында бейпилдикке батып, түйшүк тартканыңыз жоголуп, маселелер чечилет.

Ай

Айды көрсөңүз, сүйүктүү адамыңыз менен мамилеңиз жакшырат же мыкты, сулуу аялга кабылып баш кошосуз. Өзүңүз жалгыз айды карап турган болсоңуз, каржылык иштериңиз жакшырып, байыйсыз.

Күн

Күндү көрүү – кубанычтуу жакшы кабарды, бактылуу боло турган эркек уулдун төрөлүшүн, бактылуу болууну, байлыкты, даражаңыздын жогорулашын, элге келген тынччылык менен бейпил заманды, калк арасында кадыр менен зоболонун көтөрүлүшүн билдирет экен. Баалуу, асыл таштар Баалуу таштарды көрүү – үйлөнүү үлпөттүн же болбосо жакшы жубайлуу болууну, эгерде үй-бүлөлүү адам болсо ортодогу бекем мамилени, жубайлардын ортосундагы ынтымакты билдирет. Баардыгыңыздарга бакыт жана жаркын маанай каалайбыз! Ар дайым жакшы түш көрүңүз!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.