Кара-Сууда алдамчылыкка шек саналган депутат камалды

0

Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн депутаты жер сатууга байланышкан алдамчылыкка шек саналып камалды.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын үстүнөн күч органдарына жергиликтүү тургун даттанган.

Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши ачылып, эки жылга жакын иликтөө жүргөн.

56 жаштагы депутат 17-сентябрда кармалды. Жергиликтүү соттун 19-сентябрдагы чечими менен милициянын убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.