Картошка менен төө буурчактын баасы кескин түштү. Министрликтин пландары

0
Кыргызстанда картошка менен төө буурчактын баасы түшүп кетти. Бул маселени чечүү багытында көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков айтып берди.
Ал быйыл картошканын түшүмү мол болгондуктан ички рынокто арзандап кеткенин билдирди. Маселени жөнгө салуу үчүн учурда продукцияны коңшу Өзбекстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Август айында аталган өлкөгө 1 200 тонна картошка сатылган. Мындан тышкары, ички рынокту коргоо максатында импорттун көлөмүн азайтуу каралууда.
Төө буурчактын баасы дагы учурда 65 сомго чейин түшүп, дыйкандардын чыгымын актабай жатат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.