Tengrinews.kz маалымдагандай, окуя Таразда болгон. Беш жана үч жаштагы балдар башынан жабык жаракат алып, мээсинин курч шишиги менен ооруканага жаткырылды.
«2021-жылы туулган баланын да жамбаш сөөгү жабык сынган, сөөк сыныктары чыгып кеткен. Эки балага тең мээ, көкүрөк, жамбаш сөөктөрүнүн томографиясы жана лапароцентез жасалды. Аларга рецепт жазылып, баш мээсинин шишигин азайтуу үчүн операция жасалды», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.