Керектөө чегинен ашкан ортомчу энергетикалык компаниялар аталды

0

Керектөө чегинен ашкан ортомчу энергетикалык компаниялар аталды
23-ноябрга карата электр энергиясын бир нече дүң сатып алуучу-сатуучулардын суткалык керектөөсү Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленген керектөө лимитинен ашып кетти. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Бишкек шаарындагы «Электросила» ЖЧКсы суткалык планы 559,4 миң болсо, иш жүзүндө 853,2 миң кВт саатты түздү, «Энерготехсервис» ЖЧКсы суткалык план 180,2 миң кВт саат болсо 314,7 миң кВт саат.
Чүй облусу боюнча «Глобал Энержи» ЖЧКсы суткалык планы 150 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 192,8 миң кВт саатты түздү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.