Коронавирустан 4 бейтап каза болуп, 145 адамдан илдет аныкталды

0

Бүгүн, 31-августка карата 145 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 47, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 31, Ош облусунда — 0, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 40, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 10 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 360 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 71 адам, ал эми амбулатордук түрдө 914 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 175 миң 734 учур катталды. Анын ичинен 169 миң 777 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 528 бейтап каза болду.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.