Коронавирустун 586 жаңы учуру катталды, бир адам каза болду

0

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-январдагы маалыматына караганда, вирустан бир адам каза болду.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 28 267 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 586 ​адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 188 206.

Бир күндө 111 ​адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 660 ​адам жатат, дагы 2490 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 180 740 киши.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.