КР УКМК мурда жеке менчикке өткөрүлүп берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен сатылган мамлекеттик кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо жана баланска кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашык имараттары жана курулмалары бар “Асыл-Таш” мүлктүк комплекси, ошондой эле 13,33 Га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тактап айтканда, Жээнбеков Равшан Бабырбекович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 га участокту жана «Асыл-Таш» пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 млн 703 миң сомго төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган. Ошол эле учурда аталган комплекс Р. Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон.
Ошону менен бирге, УКМК тарабынан учурда «Асыл-Таш» пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, «Асыл-Таш» пансионатынын ээси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы, учурда «Кемпирабад»кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Р.Жээнбеков болгон.