КР УКМК: Аткезчилик аркылуу келген жүктөр колго түштү

0

2024-жылдын 3-сентябрында мыйзамсыз контрабандалык иш-аракеттерге каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматчылары менен биргеликте Арка-Борбордук трассасы боюнча мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде 6 автоунаа: «Мерседес-бенс спринтер» маркасындагы 5 автоунаа жана 1 «Лексус GX 470» унаасын кармады.


Автотранспорт каражаттарын кароонун жүрүшүндө: 3 тоннадан ашык эт азыктары (фарш), болжол менен ошончо сандагы жууп-тазалоочу каражаттар, ошондой эле колдонулган аккумуляторлор табылган. Ошол эле учурда кармалган унааларга жасалма номерлер орнотулган.


Бул факт Баткен облусунун Лейлек РИИБнин электрондук маалымат журналынын автоматташтырылган маалымат системасында каттоого алынды. Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.