КР.УКМК: Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы «Сапа» криминалдык идеясынан баш тартты

0

КР УКМК Балыкчы шаарынын мурдагы «смотрящийи» С.С.Т.га (криминалдык дүйнөдө «Сапа» каймана аты менен белгилүү) карата ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү. Ал Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аталган С.С.Т. өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты.

«Мындан тышкары, С.С.Т. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттенет, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдойт», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.