КР УКМК: Кара-Балта шаарынын аймагындагы 15 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

0

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Кара-Балта шаарындагы көрүстөн үчүн бөлүнгөн, аянты 15 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Алынган маалыматтар боюнча 2007-жылы айрым кызмат адамдары жер тилкесин жеке адамга мыйзамсыз чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында белгиленген жер тилкеси соттун чечими менен Кара-Балта шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.