КР УКМК: Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында иш алып барган күрөөканалар текшерилди

0

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасын аткаруу максатында, КР УКМК, Финансылык көзөмөл кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгы жана КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Ош шаарында жана Ош облусунда иш алып барган күрөөканаларга карата текшерүү иш-чаралары башталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды.


Мындан тышкары, 30дан ашуун күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.


КР УКМК тарабынан учурда калкка мүмкүн эмес шарттарда акча каражатын берип, күрөө мүлкүн өз пайдасына которуп, ошону менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше алып келген сүткорлук менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.