КР УКМК Төрагасы К.Ташиев Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына 100 миллион сомдук атайын жаңы техникаларды тапшырды

0

2025-жылдын 6-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Жалпы баасы 100 миллион сом болгон 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар: жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана атайын тейлөө унаалары Балыкчы шаарынын муниципалдык чарбасына берилди.

Генерал-полковник К.Ташиев тапшырылган техникалар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, санитардык тазалыкты жана коомдук кызматтардын сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи.

Ошондой эле УКМК Төрагасы Балыкчы шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу масатында Президенттин турукташтыруу фондунан жакында дагы 500 млн сом бөлүнө тургандыгын кабарлады. К.Ташиев Балыкчы шаары Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан туристтик негизги аймактардын бири болгондуктан, калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу маанилүү кадамдардын бири экендигин кошумчалады.

Техникаларды тапшыруу аземинде генерал-полковник чогулган элдин кайрылууларына дагы көңул бурду. Анда аймактагы жерлердин мыйзамсыз берилиши, калкты турак жай менен камсыздоо жана жергиликтүү социалдык кызматтардагы мыйзамсыздыктар боюнча маселелер айтылды. Мындан улам, Төрага айтылган көйгөйлөрдү чечүүнү жеринде тийиштүү кызматтагыларга табыштады.

Өз кезегинде Балыкчы шаарынын тургундары өлкө жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.