Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол кура турганы расмий кабарланды

0

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан Кыргыз-Тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана Кыргыз-Тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло-Ворух жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.

Андан сырткары эки тарап №43, №61, №135, №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу келишимге келишкен.

«Бул жолдун статусу өзүнчө мамлекеттик келишим менен аныкталат. Тараптар бул жолду курууну макулдашып, топографикалык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районунун аймагындагы участканы изилдеп чыгуу тапшырылды.

Эки тарап Капчыгай айылынын чыгыш тарабы менен айланып өткөн Ходжаи Аъло-Ворух жолу курулгандан кийин Ворухтагы Кыргыз-Тажик чек арасынын линиясын долбоорлоого киришүүнү макулдашты», — деп белгиленет маалыматта.

Ошондой эле эки тарап кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү пландап жатышканы маалымдалды.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.