Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди

0

Бүгүн, 18-октябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Зыйнатта сөз сүйлөгөндөр Майрамкан Абылкасымованы элин-жерин сүйгөн мекенчил кыргыздын кызы катары эскеришип, Кыргызстандын адабиятына кошкон эбегейсиз салымын, өлбөс поэзиясын, өрнөктүү өмүрүн айтып өтүштү.

Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.

Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 85 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Өмүр баяны төмөнкү шилтемеде:

Get real time updates directly on you device, subscribe now.